Кемин районунун ички иштер бөлүмү тарабынан козголгон кылмыш ишинин натыйжасында ошол эле райондун Тар-Суу айылынын 41 жаштагы М.Н. аттуу жашоочусунун үйүнө Чүй ОИИББнин жана Кемин РИИБнин кызматкерлери тарабынан тинтүү иштери жүргүзүлүп, короонун ичинде катылган жалпы салмагы 2 килограмм 166 граммды түзгөн баңгизатына окшош шектүү зат табылган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Ал эми үйүнүн бир бөлмөсүнөн өңү жашыл түстөгү кара-куурай жыттанган майдаланып даярдалган жалпы салмагы 714 граммды түзгөн зат табылган. Ошондой эле Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Ананьево айылынын 1969-жылы туулган С.К. аттуу тургунунан 700 грамм салмактагы марихуана баңгизаты табылып алынган. Алынган баңгизаттар экспертизага жөнөтүлгөн. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ