Menu

Бабановдун Чүйдөн утушу Канат Исаевдин камалышына байланыштуубу?

Бөлүшүү:

16-ноябрда депутат Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасын шаардык сот карап, 30-ноябрга чейин камакта калтырды. Ал азыр УКМКнын СИЗОсунда. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Канат мырза бир да айыпты моюнга алган жок, эрки бекем, духу бийик экен. Убакыттын өтүшү менен өз чындыгын далилдөөгө белсенип отурат.

Шайлоо астында анын камалышы саясый куугунтук катары коомчулукта айтылууда. Өткөн жумада Исаев элге кайрылуу жасаганда: «Менин бир сөзүмдө дагы төңкөрүш, бийликти басып алуу, башаламандык боюнча сөз болгон эмес. Бирок, криминалдык чөйрөнүн арызы менен камакка алышты!» деп билдирген болчу. Албетте, түшүнгөн адамдар үчүн өкүнүчтүү көрүнүш…

Өмүрбек Бабановдун саясый соратниги, активдүү колдоочусу катары Исаев президенттик шайлоодо Сары Өзөндөн
дээрлик көп добушту камсыздоого батыл киришкен. Көпчүлүк катмар колдоп аткан. Тилекке каршы, ал камалса дагы мурдагы инерция менен чүйлүктөр Бабановго 52 пайыздан ашык добуш беришти. Эгерде Канат мырза эркиндикте болгондо, бул көрсөткүч мындан да жогору болот беле?.. Анүстүнө анын жалпы республикалык масштабдагы уюштургуч экенин билебиз. Эске сала кетсек, 2010-2015-жылдардагы парламенттик шайлоолордо эки ирет депутаттыкка шайланганы, ал ортодон Чүйдүн губернатору болгону эсибизде. Мына ушул аралыктарда эл менен тыгыз иштешип, эмгеги сиңип, саясатчы катары өсүп жетилген. Рейтинги да жогору болчу. Кызыгы, Чүйдүн дагы бир тыңчыкмасы Темир Сариев 15-октябрдагы шайлоодо болгону республика боюнча 2 пайыздан гана ашканы эмнени билдирет? Мына ушул жерден туура талдоого кашкайган факт бар. Исаевдин камалышы менен Бабанов эбегейсиз колдоого арзыды.

Ошол эле учурда Сариевге жердештери тескери бурулуп кетти. Андыктан, Чүйдө ким лидер экенин өзүңөр талдап алгыла…

Дагы бир орчундуу логика келсек, Сооронбай Жээнбековдун Чүйдөн 34 пайыздан ашык добушка админресурстун жардамы менен жеткени эксперттер тарабынан бааланууда. 1-декабрдан кийин ал президенттик кызматына киришкенде, аксап калбайбы? Себеби, калың эл Сокени анчейин жактырбаса, Канат мырза түрмөдө жатса, дал ушул жагы келечекке карай саясый кырдаалды чыңалтууга жол чаппайбы? Ансыз да буга чейин бир топ саясатчылар камалып келди, бирок, ошолордун ичинен биздин каарманыбыздын айыпталуусу кандай? Убакыт таразалайт. Учурда Исаевдин электораты буктарын ичтерине катал, чыдап отурушат. Стабилдүүлүк эле болсун! Бийлик качан душманды дос кылганга үйрөнөт?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: