Menu

Өзбекстанда 11 жыл түрмөдө жаткан оппозиционер эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Өзбекстанда тыюу салынган “Бирлик” оппозициялык партиясынын Наманган облустук бөлүмүнүн мурдагы төрагасы, камактагы Мухаммадали Корабоев он бир жылдан кийин түрмөдөн чыкты.

Мухаммадали Корабоев “опузалоо” беренеси менен күнөөлөнүп, 2006-жылы 5,5 жылга соттолгон, кийинчерээк эки сапар жаза мөөнөтү узартылган.

– Мага жалган жалаанын негизинде иш козголгон. Абакта административдик талаптарды аткарган жок деген шылтоо менен жаза мөөнөтүмдү узартышты. Башында 5,5 жылга соттошкон, бирок абакта жалпысынан 11 жыл 2 ай жаттым, – деди ал.

“Бирлик” партиясынын мүчөсү, 70 жаштагы Мухаммадали Корабоев Навои шаарындагы абактан 18-октябрда чыкты. Ал “Эзгулик” укук коргоо уюмунун кепилдик катынын негизинде бошотулган.

Корабоев бошотулушун Өзбекстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдүн башталышы катары сыпаттады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: