Ош шаарында КРнын президентине кат жазган балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 28-декабрда КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун атынан ата-энеси аскердик милдетин өтөп жатып каза болгон, жакыр жана социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдарына, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жаңы жылдык белектер берилген.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, ар бир үйгө, ар бир үй-бүлөгө чың ден-соолук, тынчтык жана кубаныч, бакубатчылык жана бакубат жашоо каалаган.
Иш-чаранын алкагында, Т.Сарыбашов Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун атынан 58 балага эстелик белектерин тапшырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ