Menu

Премьер-министр Кыргызстан-Казакстан Өкмөттөр аралык жыйынына катышат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 16-17-августунда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтө турган Кыргызстан-Казакстан Өкмөттөр аралык жыйынына катышат, – деп өкмөктүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан аркы тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери каралат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколуна жана бир катар эки жактуу келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаев менен жолугушуусу пландаштырылган.

Ошону менен бирге Өкмөт башчы Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен биргеликте Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына катышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: