Ош шаарында Mercedes Benz унаасын башкарып бараткан айдоочу жол кырсыгына учурап, эки адам каза болгон. Бул тууралуу облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкен.
Маалыматка ылайык, окуя 12-ноябрь күнү саат 16:00дөр чамасында болгон.
“Шаардагы Рысбай Абдыкадыров көчөсүндө Ала-Бука районунун 20 жаштагы тургуну башкарып бараткан унаа даракты сүзүп, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 18 жаштагы жүргүнчү кыз окуя болгон жерде жан берген. Ал эми айдоочу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок оор жаракатынан улам өзүнө келбей каза болгон. Кырсык катталган учурда айдоочу мас абалда болгондугу аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.
Кырсыкка кабылган унаа маркумдун тааныш агасына таандык болгон. Учурда бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ