Menu

Дачаларга “айыл” макамын берүүнүн алдында бир катар жагдайларды тыкыр иликтөө зарылдыгы белгилүү болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Экмат Байбакпаев, Пархат Тулендыбаев. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Демилгечилердин бири депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, мыйзам долбоору республика аймагындагы дача шериктештиктеринине “айыл” макамын берүүгө багытталып жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен сунушталып отурат. Дачаларга “айыл” макамын берүүдө колдонуудагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамдын 20-беренесинде, маселен, дачалык жерлерди трансформациялоодо алгач дачалык жерлер белгиленген тартипте муниципиалитеттин же мамлекеттин пайдасына алынып коюп, анан жеке турак жай курулушуна которулаары белгиленген. Баяндамачы Э.Байбакбаевдин пикиринде, бул ченем жеке менчик институтунун негизги принциптерин бузат. Мындан улам, аталган мыйзамдын 20-беренесин дачалык жерлерди кошпогондо шаардагы жана айылдагы калктуу пункт жайгашкан жерлерди белгиленген тартипте алынгандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жеке турак жай курулушуна которулат деп өзгөртүү сунушталган.

Талкуунун жүрүшүндө дачаларга “айыл” макамын берүүдө алардын баарына эле бул макам бериле бербестиги, калктуу пунктка киргизүүдө коюлуучу талаптарга жооп бере тургандарына гана берилери айтылды. Маселен, азыркы тапта дачалар сайдын же жардын жээктеринде, коргоо жана өнөржай мекемелерине тиешелүү жана башка калктуу пунктка киргизүүдө коюлуучу талаптарга жооп бербеген жерлерде жайгашкан. Мындай шартта коюлган талаптарга жооп бергендерин киргизилип, калганын киргизбей тандалмалуу мамиле болуп каларын айткан депутаттар бүгүнкү күндө дээрлик баардык эле дача тургундары “айыл” макамын талап кылып жатканын, мындай бөлүп-жарган мамиле туура болбостугун белгилешти. Ошол эле маалда дача деген түшүнүктө эмне жазылса, демек, дачалык жер тилкелери ошол өз максатында гана пайдаланылышы керек деген да пикирлер айтылды. Мындан сырткары, айдоо жерлерин дачалык участок деп документтештирип берген шылуундар эми бул жерлерди дача деген ат менен трансформация кылып кетиши мүмкүн экени кошумчаланды.

Депутат Мирлан Бакиров бул маселе боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүнү сунуш кылды. Ал чет өлкөлөрдө 1 мыйзам 3-4 жыл тыкыр иликтенип, андан кийин аткаруу бийлигинин башына көйгөй жаралбагандай кабыл алынган тажырыйбалар бар экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында демилгечи депутат Экмат Байбакпаевдин макулдугу менен жогоруда айтылган жагымсыз жагдайларды болтурбоо үчүн мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: