Menu

2018 – жылдын эң бай айымдары

Бөлүшүү:

Айымдар күчтүүлүгү жагынан калышпай келет. Экинчи жыл катары менен белгилүү Forbes журналы ааламдын эң бай айымдарын тизмектеп келет. Былтыркы жылы аялдардын саны бул тизмекте 227 болгон болсо, 2018-жылы бай айымдардын рейтинги 256га жеткен. Кызыгы, 256 аялдын ичинен 72си өз байлыктарын өздөрү иштеп тапкан. Эч кимден мураска калган эмес. Төмөндө алдыңкы төрт айым жөнүндө сөз кылабыз.

1-ОРУНДА ЭЛИС УОЛТОН

• Элис Уолтон

• Байлыгы: $46 млрд

• Каражат булагы: Walmart

• Жарандыгы: АКШ

• Жашы: 68те

• Үй-булөлүк абалы: Ажырашкан

Келечектеги миллиарддардын ээси 1949-жылы 7-октябрда Ньюпортто жарык дүйнөгө келген күйөөсү менен ажырашкан, балдары жок. Ал Сан-Антониодогу Святой Троица университетинде экономика жана финансы жаатында бакалаврдык билимин алган. Окууну аяктаган соң кесиби боюнча иштеп үй-бүлөлүк компаниянын ийгилиги үчүн болгон аракетин жумшаган. Кийинчерээк Элис Аrvest банкынын төрагасынын орунбасары кызматына келет. Сэм Уолтондун кызы биринчи жолу түндүк-батыш Арканзастын директорлор кеңешинин өкүлү болот.

Бир жылда анын байлыгы 12.2 млрд АКШ долларына көтөрүлөт. Буд Walmart акцияларынын 43% көтөрүлгөндүгү менен түшүндүрүлөт. Компания активдүүлүк менен өнүгүп отуруп ашканага тиешелүү буюмдар линиясын чыгара баштайт.Учурда 4 багыттагы кийимдер линиясын чыгаруу менен алек.

2-ОРУНДА ФРАЦСУАЗА БЕТТАНКУР-МАЙЕРС

• Франсуаза Беттанкур-Майерс

• Байлыгы: $42,2 млрд

• Каражат булагы: L’Огеаl

• Жарандыгы: Франция

• Жашы: 64тө

• Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 2 баланын апасы

Атактуу L’Огеаl фирмасын укпаган жан аз болушу керек. Бул компанияга тиешелүү Lancome, Garnier ж.б фирмалар бар. Апасы Лилиан Беттанкурдун мураскери. Франсуаза Беттанкур-Майерс аталган компаниянын 33% акциясына ээ. Аталган компания 1909-жылы чоң атасы Эжен Шуллер тарабынан негизделген. Лилиан Беттанкур жумушка жарабай калганда сот 2011-жылы анын укуктарын кызы Франсуаза жана анын 2 баласына өткөрүү чечимин кабыл алган.

3-ОРУНДА СЮЗАННА КЛАТТЕН

• Сюзанна Клаттен

• Байлыгы: $25 млрд

• Каражат булагы: BMW, фармацевтика

• Жарандыгы: Германия

• Жашы: 55те

• Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 3 баласы бар

Сюзанна Клаттен жана Штефан Квандт агасы менен биргеликте BMW компаниясында 50% акциялардын ээси. Мындан тышкары менчигинде Аltana аттуу компания бар. Кезинде фармацевтикалык жана химиялык компаниянын 50% акциясына ээ болгон. Ал компаниялардын сатуусунан жылына 2 млрд доллардан ашык каражат түшөт. Мындан тышкары Skion Holding Group деген инвестициялык компаниянын жетекчиси. Муну менен эле чектелип калбай Nordex (шамал энергиясы менен алектенет), Geohumus (топуракты жакшыртуу боюнча иш жүргүзөт), SGL Group (графит жана углерод өндүрүчүлөр) компанияларында үлүштөрү бар. Көзгө көрүнгөн бизнесмен аял болгондугуна карабай алар тынч өмүр сүргөндү жактырышат. Светтик пафостуу жана шаңдуу кечелерге караганда Австриянын тоолорунда лыжа тебүү же болбосо гольф талаасында убакыт өткөрүү алар үчүн маанилүү.

4-ОРУНДА ЖАКЛИН МАРС

• Жаклин Марс

• Байлыгы: $23,6 млрд

• Каражат булагы: Mars Inc.

• Жарандыгы: АКШ

• Жашы: 78де

• Үй-бүлөлүк абалы: ажырашкан, 3 баласы бар Жаклин Марска дүйнөгө кеңири таанымал таттууларды чыгарган Магs Inc корпорациясы тиешелүү. Аталган компанияны 1911-жылы чоң атасы ашканасында отуруп негиздеген. Азыркы күндө атактуу компанияга тийишт8ү М&М, Milky Way, Uncle Bens жана Whiskas сыяктуу маркалар бар. 2017-жылдан тарта жаныбарлар үч8н товарларды өндүрүү үчүн 7,7 млрдга келишим түзгөн. Ал эми Марс айым өзү Маrs компаниясына 1982-жылы жөнөкөй жумушчу болуп кызматка орношкон. 2001-жылы ал пенсияга чыкканы менен 2016-жылга чейин аталган компаниянын директорлор советинин мүчөсү катары келген. Компаниянын үчтөн бир бөлүгү анын агасы Джонго тиешелүү. Калган 33% үлүшү экинчи иниси агасы Форрестке тиешелүү болгон. Бирок Форест 2016-жылы көз жумат.

Сайкал Илиасова

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: