КСДП былтыркы парламенттик шайлоодо куудул Абдылда Иманкуловду тизмеге кошуп, депутат кылып коюшканда утмак. Себеби, азыр бийликчил партиядан Кожобек Рысбаев жалгыз куудул катары элди анчейин өзүнө тарта албай турат. Эгерде Абдылда болгондо куп жарашмак эй! Арабанын кош атындай парламенттин ичинен экөө булкунуп чыгышканда, көпчүлүккө сөз бербей бекер концерт коюшмак. Эл ошондо алаксып калмак да. Бирок, Абдылда дагы оңой чаар баш эмес, «КСДП дан мен депутат болмок белем?» деп чанып жибериши мүмкүн. Өзү оппозициячыл күйдүргү эмеспи…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ