Menu

КСДПчылар Ирина Карамушкинаны “Самозванка!” деп аташты

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан КСДПчылардын “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын съезди башталар алдында чакыруусуз кирип барган КСДПчы депутат Ирина Карамушкина съездди бүлгүнгө учуратууга аракет жасады. Съезддин делегаттарын уруксатсыз өзүнүн телефонуна тартып, аларды кемсинткен сөздөр менен маскаралай баштаганда, ал жерде олтургандар да ачууланып киришти:

“Биякка уруксатсыз кирип келген, бизди кемсинте баштагандай сен кимсиң?” – деп сурашты делегаттар.

“Мен КСДПнын Бишкек шаардык уюмунун төрайымын! Эмнеге силер мени чакырбайсыңар? Силер аймак жагынан мага караштуусуңар”, – деп тарсылдады Ирина Карамушкина.

“Биз сени КСДПнын Бишкек шаардык уюмуна төрайым кылып шайлаган эмеспиз. Эмне 30 киши жыйналып алып эле каалаганын төрайым кылып шайлай берсе болобу? Сени 30 эле киши шайлаптыр. Сен легитимсиз шайлангансын, сен “самозванкасын! Биз сени төрайым катары тааныбайбыз” , – деп жооп беришти делегаттар.

“Мен да силердин КСДПчылар экениңерге ишенбейм, эгер партиянын мүчөсү болсоңор, партиялык билеттериңерди көрсөткүлө!” – деп талап кылды Ирина Карамушкина. Залда олтургандардын бир нечеси КСДПга мүчөлүк партиялык билеттерин сууруп чыгып көрсөтүштү. Айрымдары депутатты “самозванка чыгып кет! ОБОН отрядыңды ала кет!” деп кыйкырып турушту.

Эсиңиздерге сала кетсек, азыр эки баштуу желмогуз болуп калган КСДПнын Атамбаевди колдогон бөлүгү 17-октябрда депутат Ирина Карамушкина КСДПнын Бишкек шаардык ячейкасынын төрайымы болуп шайланды деп билдирүү тараткан.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: