Menu

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: “Атамбаев калтырган сасык жыт, ыплас иштерден, арам саясаттан өлкөбүздү тазалоо узак убакыт, далай аракетти талап кылат”

Бөлүшүү:

– Дастан Исламович, Кой-Ташта жана Бишкекте 7-8-августта болгон окуяларга ар кандай баа берилип жатат. Мурунку бийликке жакындар “Атамбаев патриот, улутчул экен. Өлкөдөн качып кеткен жок” деп, аны Эл Баатыры кыла коюшту. Айрым КСДПчылар муну бийлик тараптан саясий куугунтук деп кыйкырып чыгышты. Бул окуяларды калыс бааласа, кандай жыйынтык чыгарса болот?

– Лондон шаарында жайгашкан Борбордук Азияны иликтөө институту бул окуялардан кийин өз корутундусун расмий жарыялады: “Кыргызстанда калыптанган күчтүү мамлекеттик түзүлүш дагы деле жок. Өлкөдө саясат мыйзамдуулуктан бийик турат. Демократиянын аты эле бар” деп.

– Бул пикир менен Кыргызстандын эл аралык аброю төмөн түштү деп баалышыбыз керекпи?

– Алты жылда Атамбаев Кыргызстандын эл аралык аброюн биротоло жок кылган. Батукаевди бошоткону, Кыргызстан Ислам жолу менен өнүгөт дегени, Өзбекстандын президенти өлгөндөн кийин чек ара маселеси чечилет, Назарбаев эл байлыгын тоноп жатат, Манас этникалык орус, эки ыңкылапты мен кылдым, Индия чайын сатканды билбейт, менден үйрөнгүлө, Нарын эли малсыңар, Талас эли эл эмес жана башка балп этмелери эбак эле өлкөнүн баркын кетирген. Булардын орду түрмөдө, тигилерди таш бараңга алгыла деген буйруктарынан кийин Кыргызстан укуктук мамлекет дегенге ким ишенмек эле? Эл аралык аброй жок болсо, жок нерсе кантип төмөн түшмөк эле?!

– Анткен менен 7-8-август окуяларынан кийин дүйнө коомчулугуна абдан эле уят болдук да?

– Уяттан мурун Кыргызстан мамлекет катары калыптана элек, мыйзам саясатка баш ийет, демократия сөз жүзүндө гана бар деген пикир өлкөбүздү ишенимден толук ажыратып салбадыбы… Ички саясий маселени да Путин чечип жатса кайсы эгемендүүлүк жөнүндө сөз кылабыз?..

– Көпчүлүк ушу менен эки достун тирешине чекит коюлду, маселе чечилди деп жатышат. Бийлик эми бар күчүн экономика менен социалдык маселелерге жумшайт деген үмүт пайда болдубу?

– Маселе чечилген жок, тескерисинче терең кетти. Алдыда тергөө, кийин узакка созулган сот, анан соттун өкүмү… Мунун баары коомду аргасыздан саясатташтырат. Анын үстүнө элди бириктирген ишенимдүү экономикалык, социалдык, улуттук саясат дагы деле жок…

Сиздин айтканыңыз боюнча АШАдан калган “кашаны” дагы далай убакыт “жейт” турбайбызбы?

– АШАдан калган “кашаны” коррупционерлер чын эле дагы 5-10 жыл жеп түгөтө албайт окшойт. Бирок, карапайым эл үчүн өлкөнүн кайсы тармагын алба, баарында адам чыдагыс сасык жыт калды АШАдан кийин…

Бул сасык жыт, ыплас иштерден деги эле Атамбаев калтырган арам саясаттан өлкөбүздү тазалоо узак убакыт, далай аракетти талап кылат. Бул өтө азаптуу мезгил болчудай болуп калды…

– Айрымдар бул тазалануу Башмыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүдөн башталыш керек деген пикирде. Сиздин оюңуз кандай?

– Элибиз кабыл алып, улам өзгөртүп жаткан Башмыйзамдын баарынын эң биринчи беренесинде “Кыргызстан – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган унитардык, социалдык мамлекет” -деп дүйнө өлкөлөрүнө жарыяланган мамлекеттик түзүлүштүн жана башкаруунун түпкү пайдубал негиздери көрсөтүлгөн.

Атамбаев бул түпкү негиздердин баарын талкалады. Катардагы мыйзамдарды айтпай эле коёлук. Башмыйзамды каалагандай бузуп келди. Жогорку Кеңештин депутаттарын түз шайлатпай, элди партияларга добуш бердирип, мандаттарды партия түзө койгон олигархтарга саттырып, бөлүштүрткөн, аларды ар кайсы шылтоолор менен коркутуп, камап, же иш козготуп, депутаттарды “тизгиндеп”, “добуш берген машинага” айлантып, демократиянын атын эле калтырган. Коррупцияны мамлекеттик бийликтин негизги ишине айлантып, адилетсиздик орнотуп, социалдык мамлекеттин ордуна коррупциялык, мафиялык мамлекет орноткон.

Бийликти узурпациялап, басып алган. Саясий репрессияны жүргүзгөн. Күнөөсү жок, мыйзам бузбаган саясатчыларды тобу менен жалган айып тагып каматкан. Экономикага 550-450 миллиард сом зыян келтирген.

Бир сөз менен айтканда, мамлекетибизди баардык жагынан талкалап, Россиянын бажы тармагын жетектеген татар кайынагасы менен биригип алып, бажыдагы контрабанданы гүлдөтүп, ЕврАзия бирикме аныктагандай, 4-5 миллиард доллар сол чөнтөккө кеткен.

АШАнын алты жылда кылган “кашасын” кыргыз алты жыл сиңире албай, күптүү болуп кыйналат го…

– Бишке ЖЭБинин чатагы бүтпөй жатат, кезекте “Датка-Кемин”, “Жерүй” тоо-кен тармагындагы коррупция дың бойдон жатат, “Кумтөрден” бир несе миллиард доллар эл албай калганын коом байма-бай көтөрүп келатат. Дагы 5-6 жыл чырдан башыбыз чыкпайт турбайбы?

-Серепчилер жазып тастыктаган Акаев, Бакиев, Атамбаев жана алардын табакташ кузгун-жорулары чейрек кылым эгемендүү мезгилинде 50 миллиард доллар эл байлыгын уурдашкан экен.

– Бул уурулукту кантип токтотсо болот?

– Мындай уурдап, элди тоногондорго дүйнө элдери бир эле чара колдонгонун тарых көрсөтүп турат. Француз эли Антуанеттанын башын алган, орус эли Николай падышаны үй-бүлөсү менен атып салган, Кытай мамлекети жылына 5-6 жүз коррупцияга аралашкан ири чиновниктерди атып жатат, Түштүк Корея эли беш президентин өлүм жазасына тарткан. Бөлөк жол жок экен да.

– 13-август күнү Башпрокурор, ИИМ менен УКМК жетекчилери маалымат жыйын берип, ИИМ министри, УКМК төрагасы бир нече жолу кайталап, 7-8-августта бийликти күч менен басып алуу аракети болгон, жүздөн ашык адам жаракат алган, милиция бөлүмү өрттөлгөн, 27 автобустун айнектери талкаланган, 8 млн сом зыян келтирилген, бир топ курал табылганын айтып олтурса да, Атамбаевге эмне үчүн бийликти күч менен басып алуу айыбы коюлбай жатат?

– Лондондун Борбор Азия изилдөө институту жарыя кылбадыбы: “Кыргызстан укуктук мамлекет эмес. Саясат мыйзамдан өйдө туруп, ага үстөмдүк кылат”- деп. Мыйзам тандалма жолу менен колдонгонуна күбө болуп турабыз. Анан кантип сырттан Кыргызстанга инвестиция келсин!

– Мыйзамдын үстөмдүгү жок өлкөлөр кыйроого учураганын көрүп жатабыз. Башкы себеби, падышалар өздөрүнүн кызыкчылыгын мыйзамдан жогору койгону болуп жатпайбы. Бизде дагы ошол көрүнүш деп айтканы турасызбы?

– Кийинки 20 жылда бир нече Африка өлкөлөрү бытырап жок болду. Айрымдары бүгүн да кыйроо жолу менен баратат. Атамбаевге окшоп каалаганын кылган президенттер мамлекеттерин талкалады. Башмыйзамдын биринчи беренесинде жазылган мамлекеттин түпкү негиздерин кайра калыбына келтирбесе, өлкө келечеги, эл тагдыры коркунучка учурай берет…

– 7-8-август окуяларын болтурбай койсо болот болчу дегендер бар. Атамбаев жөн колго түшүп берет болчубу?

– “Бул бийликти тааныбайм. Тергөөгө барбайм. Сотко ишенбейм” – деп биринчи жолу айтканда эле прокуратура Атамбаевге эскертүү бериши керек эле. “Бул бийликти тааныбайм” дегенин, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө кол салуу, аны жок кылуу аракети катары мыйзам баалайт. Кийин байма-бай элди чогултуп, штаб түздү. Анда да прокуратура чара көргөн жок. Үч ай прокуратура мыйзам менен бекитилген өз укуктарын жана милдеттерин аткарбай койгон үчүн кан төгүлүп, 7-8-август күндөрү тополоң болду.

– Атамбаев элди сыйлап, мамлекетти ойлосо, мыйзамсыз иштерге барбайт эле, бийликти күч менен басып алам деп штаб уюштурбайт болчу да?

– Атамбаев СССР ураганда ишкерлигин баштаган. Муну өзү да танбай айтып келген. Андан бери өткөн чейрек кылым уурулардын, эл байлыгын тоноп жегендердин, кооз сүйлөп элди алдагандардын, намыс, уят дегенди унуткандардын, баарын талкалап, кыйратып, ураткан элге пайдасы жок “таза кандуу” саясатчылардын, кой терисин жамынган кәрышкыр “дерьмократтардын”, арам жол менен олигарх болгондордун доору болбодубу. Буларда ыйман, мыйзам, улут, мекен, арам, адал, адеп деген түшүнүк жок. Булар мамлекетке, элге, өлкө келечегине чексиз зыян келтирген “отморозоктор”. Кыргыз эли мындайларды тарбия көрбөгөн, сөз укпаган, элдин убал-сообунан коркпогон эки буттуу айбандар деп айткан. “Кан менен келген кан менен кетет” – деп бабаларыбыз бекер айткан эмес. АША кан менен келди, кан менен кетти.

– Атамбаевди Кудай өзү жазаладыбы?

– АШАны элдин каргышы урду. Жалган жалаа менен камалгандардын бала-чакаларынын көз жашы, кайгы-муңу Кудайга жетти… Россиянын серепчилери өлүм жазасына тартылышы мүмкүн деп да жазып жиберишти го…

Кеп АШАда эмес. Кеп кыргыз элинин, мамлекетинин келечегинде жана тагдырында болуп жатат.

– Сиз Атамбаевди элдин каргышы урду деп жатасыз. Бирок, кээ бир саясатчылар, көп болбосо дагы элдин кайсыл бир катмары аны колдоп жатпайбы?

– Алар Атамбаев алты жылда өлкөгө келтирген зыяндын, мыйзамсыз иштеринин четин да билбеген үчүн колдоп жатат. Билсе – колдобойт эле. Бул – бийликтин чоң катасы. Анын баарын эл билсе-толкуп, көтөрүлөт деген ой менен Атамбаевдин былыктарын элге толук айтпай, жаап-жашырып жатат деген пикирлер интернетте байма-бай чыгып жатпайбы. Эртеби, кечпи алардын баары элге белгилүү болот. Эл көрөгөч… АШАдагы элди алдап коём деп ойлогон. 20-50 саясатчыны камайм, калганы коркуп оозун ачпай калат – деп ишенген. АШАнын тагдыры бийликке сабак болсо өлкө абалын тез эле оңдоп кетсе болот.

– Сизди мыйзамсыз камап, мыйзамсыз бир эмес, үч айып коюп, сот мыйзамсыз өкүм чыгарып, мунапысты мыйзамсыз сизге колдонбой, СИЗОдо жаткан жана эки жыл үй камагында болгон убакытты эсепке мыйзамсыз албай, жаза мөөнөтүңүздү 2022-жылга чейин калтырып койгонго кимдер кызыкдар болду?

– АШАнын түз буйругун мыйзамсыз аткарган тергөөчүлөр, прокурорлор, соттордун мафиясы кызыкдар. Бирок эртеби-кечпи аларды АШАнын тагдыры күтүп турат… Акыйкат күнүн мен көрбөсөм, балдарым көрөөр… Бирок, АШАнын бул күнөөсүн азыркы бийлик мойнуна алып жатканы мага түшүнүксүз.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: