Menu

Генпрокуратура: Экс-министр Космосбек Чолпонбаев өлкө бюджетине 65 миллион сом зыян келтирди

Бөлүшүү:

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев өлкө бюджетине 65 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирген. Бул тууралуу Генпрокуратуранын басма сөз кызматы билдирди

Алардын маалыматы боюнча, экс-министр кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген,консултациялык тейлөө көрсөткөн деген шылтоо менен мамлекетке зыян алып келүүчү келишимдерди түзүп, мамлекеттик бюджетке 65 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Буга чейин Финполиция мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 9 млн сом экенин билдирген.

Кечээ, көзөмөлдөөчү органдын өтүнүчү менен борбор калаанын Биринчи Май райондук соту Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку жетекчисин тергөө мезгилинде камакка алуу чечимин чыгарды. Космосбек Чолпонбаев Бишкек СИЗО-1ге 2 айга камаакка алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: