Menu

Иранда журналист Рухолла Зам өлүм жазасына кесилди

Бөлүшүү:

Иранда интернеттеги ишмердүүлүгү 2017-жылдагы нааразылык акциялардын күчөшүнө түрткү болгон деп эсептелген журналист Рухолла Зам өлүм жазасына кесилди. Бул тууралуу 30-июнда өлкөнүн сот бийлигинин расмий өкүлү Голамхосейн Эсмаили билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн Революциялык соту журналистти «Кастыкты жана зомбулукту таратуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ал соттун өкүмү качан чыкканын айткан жок. Замдын апелляциялык арыз менен Жогорку сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар.

Рухолла Зам негиздеген AmadNews сайты менен telegram-каналы 2017-жылы жарандарга нааразылык акциялар качан жана кайсы жерде өтөрүн кабарлап, аткаминерлердин кыңыр иштерин жарыялап турган.

2017-жылдагы нааразылык акциялар бир нече жумага созулуп, он миңдеген адам катышкан. Анын жүрүшүндө миңдеген киши кармалып, 25и мерт болгон.

Парижде жашап, иштеп жүргөн Зам 2019-жылдын октябрында Иранда белгисиз жагдайда камакка алынган. «Чек арасыз кабарчылар» уюму ал Иракта жүргөндө Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу тарабынан кармалып, уурдалганын билдирген. Уюм журналистке каршы сотту «ашкере адилетсиз» деп баалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: