Menu

Голан дөңсөөлөрүндөгү болочоктогу конушка Трамптын аты ыйгарылды

Бөлүшүү:

16-июнда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жакында «Трамп дөңсөөлөрү» деп аталган калктуу конуш пайда болушу керек болгон жерде атайын эстелик белгисин ачты.

Жаңы шаар Израиль тарабынан оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндө жайгашкан. Бул аймак быйыл мартта Дональд Трамп тарабынан расмий түрдө Израилдин эгемен аймагы катары таанылган.

Голан дөңсөөлөрү чыгышынан Твериада көлүнөн Хула өрөөнү аркылуу өтүп, Сириянын аймагына чейин созулуп жаткан бөксө тоолордон турат. Анда Израиль ээлеп турган жердин аянты 1150 чарчы чакырымды түзөт. Бул аймак Израиль тарабынан формалдуу түрдө 1981-жылы аннексияланган. Дүйнөдөгү мамлекеттердин көбү Голан дөңсөөлөрүн Израилдики деп тааныбай келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: