Menu

Жылдыз Мусабекова, ЖК депутаты: “Энемин курсагынан сөгүнүп эле түшкөм, этикеткам да жок, эстетиканы да билбейм”

Бөлүшүү:

Facebook социалдык тармагында КР Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекованын эркектин жыныстык мүчөсүнүн атын атап, сөгүнгөн жаңы видеотасма тараган. Ага жооп кылып КСДПчы депутат өз баракчасында пост жазды:

“… Айнанайындар, эс алгыла, мен элита да эмесмин, этикеткам да жок, эстетиканы да билбейм, талаада тер төгүп иштеген карапайым комбайнчынын эле кызымын. Энемин курсагынан сөгүнүп эле түшкөм. Эх, сынтаккан сынчы сөрөйлөр силер эмнени билесиңер? Мен кандай жолду басып өткөнүмдү жон териңер менен да сезе албасаңар керек! Өзүмү Апендинин кызындай мактаткан командам да жок!
… Бирок, уйкум тынч, мамлекетти уурдап, тонободум, жер сатпадым, эл сатпадым, дүйнө жыйбадым, жада калса жөнөкөй эле алтын саатым да жок. Алтынбы, бриллиантпы, калайбы, жыгачпы баары бир баары тең бирдей убакытты көргөзөт. Ошондуктан алтындай убактыңарды коротуп ар кимге, элитага, этикасы жокко коротпогула!
… Ары, бери жүгүрүп пайда да тапкым келбейт, элге окшоп үй бүлө бузуп, алды алты, арты төрт эрге тийип анан өзүн иттей маданияттуу, адабияттуу да көргөзгөндөрдөн бир топ өйдө турам… Юбкамы да кийгенге айрым эркек сөрөйлөр да татыксыз!
… “Мусабекова сөгүндү!” деп терисине батпай сүйүнүп телпектегендер да эс алгыла.
… Эки жыл мурун да ыраматылык Бабыр менен калчылдашкам. “Биринчиден, эркексиң, экинчиден, аксакалсың, сөгүндү деп” ары, бери жүгүргөн сага болбойт, жалган жалааң үчүн көрүңдө өкүрөсүң акыры” деп аябай өткөн, кеткенин, баласы экөөнүн мамлекетке келтирген зыянын айтып чындап сөккөм. Таба эмес, тобооо!
… Кудай бар, ар кимиңерге жеткирет. Кызы бары кызга, уулу бары уулга сынтакпагыла. Биринчи өзүңөрдү күзгүдөн карагыла.
… Менин кебетем ушундай эле… уялсаңар айланииип өткүлө, артыңарды карабай качкыла…”

КР Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекованын Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазган посту

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: