Menu

Чет өлкөлүктөрдүн кыймылсыз мүлк сатып алуусуна уруксат берүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Өкмөт чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында турак-жай сатып алуусуна уруксат берүүнү сунуштоодо. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул кадам өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Ошол эле маалда коопсуздукту камсыздоо максатында алардын чек арага жакын аймактардан кыймылсыз мүлк алуусуна уруксат берилбейт.

«Турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору парламенттин кароосуна 19-сентябрда киргизилген. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, 2013-жылкы Турак-жай кодексине «чет өлкөлүк жарандардын турак-жай сатып алуусуна макулдук берген ыйгарым укуктуу орган» киргизилип, бирок анын жол-жобосу бекитилген эмес. Мындан улам укуктук боштук жаралган. Бүгүнкү күндө чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандын аймагында турак-жай сатып алуусуна уруксат берүү менен алектенчү мамлекеттик орган жок.

Документте белгиленгендей, жаңы долбоорду демилгелөө — өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу жана чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлк сатып алуусунун тартиптерин жөнөкөйлөтүү зарылдыгынан улам келип чыккан. Өкмөт өлкөдө туруктуу жашап туруу укугуна ээ же инвестициялык визасы бар чет өлкөлүктөрдүн турак-жай сатып алуусуна уруксат берүүнү сунуштап жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: