Menu

Кооптуу аймактардан элди көчүрүүдө ыңгайлуу жер тилкелерин сунуштоо, камсыздандыруу көлөмүн жогорулатуу маселеси коюлду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңеште “Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун кээ бир жоболорунун аткарылышы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды. Жыйынга КР вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев баштаган КР Өкмөтүнүн тиешелүү мүчөлөрү катышты.

КР вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Жогорку Кеӊеште Өзгөн районундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча маалымат берди. Анын айтымында, 216 гектар жер башка категорияга которулуп, 751 үй-бүлөгө бөлүнүп берилген. Анын ичинде, ушу тапта 72 бүлө жайгашты, калгандарынын үйлөрү курулууда. «Бул багытта Өкмөт тарабынан 324 млн сом, ал эми мектептин курулушуна 4 млн сом каралган. Калганы 2018-жылы каржыланат. Жаман-Адыр жана Ана-Кызыл айылдары кайра жаӊыртылып, электр энергиясы жана таза суу менен камсыз кылынды. Ал эми Чоӊ-Алайдагы жер титирөөдөн жалпысынан 1025 объект жабыркаган, анын ичинде 2 оруукана менен 2 мектептин имараты бар. Азыр 405 турак жай курулуп бүттү. Социалдык объектилердин курулушу улантылууда», – дейт ал.

Суроо-жооп маалында депутат Улукбек Ормонов Өзгөндүн Ничке-Сай айылындагы бүгүнкү абалга кызыкты. КР өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов айылдын эли сунуштаган жерге канааттанбай көчпөй жатканын билдирди. Анын айтымында, жер көчүү коркунучу бул айылда бүгүнкү күндө да сакталып турат. Депутат У.Ормонов кошумча бөлүнө турган жерди трансформациялоо маселеси Өкмөттө кечеңдеп жаткандыгын КР вице-премьер-министрдин эсине салды. “Жаратылыш кырсыгында КР Өкмөтүнүн ыкчам иш-аракеттерин дагы белгилеп кетүү керек”, – деген депутат У.Ормонов элдин көчпөй жатканынын бирден бир себеби – жакыныраак жерден жер тилкесин бөлүү экенин баса белгиледи.

Кооптуу айылдардын тургундарынын көчпөй жаткандыгы боюнча депутат Аида Касымалиева буга байланыштуу камсыздандыруу маселесин кайрадан карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. КР вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев дагы үй-жайын таштап, көчпөй жаткандарга байланышкан камсыздандыруу маселесинин күнгөй-тескейин эске алган, элдин кызыкчылыгы толук эске алынган мыйзам долбоорун иштеп чыгып алып келерин айтты.

Депутат Курманкул Зулушев жер көчкүдөн кийин берилген Жаман-Адыр аймагына канча кожолук көчүп келгендигин сурады. Маалыматка ылайык, бул жерден жер алып коюп, көчпөй жаткандар да бар экени белгилүү болду. Ошону менен катар депутаттын суроосунан кийин жаратылыш кырсыгын алдын алуу иштерин жетиштүү аткарбагандыгы үчүн өз маалында КР ӨКМ министри К.Боронов, каржы министри А.Касымалиев баштаган бир катар кызмат жетекчилерине сөгүштөр жана эскертүүлөр берилгендиги маалым болду. Мындан сырткары, жер көчкү болгон аймактардагы мектептер боюнча иликтөөгө КР Прокуратурасына материалдар берилгендиги айтылды.

Депутат Мирлан Бакиров Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Жогорку Кеңешинин токтомдорундагы бул аймактан чыккан студенттердин окуусундагы контракт маселесине жеңилдиктер берилгендигин тактады. “Кырсык айтып келбейт”,- деген депутат Алмазбек Эргешов жарандар үйлөрүн, автоунааларын камсыздандыруу маселесин ишке ашыруунун маанисин чечмелеп берди. Депутат Алмазбек Токторов жаратылыш кырсыктарын болжолдоо мүмкүнчүлүгү бар заманбап техникалык жабдууларды эл аралык уюмдар аркылуу алуу зарылдыгын КР ӨКМ министрине сунуш кылды. Ошону менен катар кооптуу аймактардан элди күчтөп эмес, көндүрүп, ишендирип көчүрүүдө камсыздандыруу көлөмүн жогорулатуу (үй салып алууга чындап жете тургандай каражат берүү) менен элди ынандырса болооруна өкмөт өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду.

Бир катар депутаттар Жогорку Кеңештин токтомунда толук аткарылбаган маселелерди аягына чейин чыгаруу менен ага жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштарды беришти.

Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: