Мелания Трамп эч качан өзүнүн статусунан уялган эмес, жана ар дайым өзү каалаган кийимдерди кийип келет. АКШнын биринчи айымын стилдин иконасы катары көрүп, көптөгөн айымдар аны туурап кийингенге аракет кылышат. Бирок мындай нерсени жасаш ар бир аялдын колунан келе бербейт, анткени Меланиянын көйнөктөрү абдан кымбат. Жакында эле президенттин жубайы иш сапарга кымбат баалуу көйнөктү кийип, журналисттердин гана эмес, сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларынын дагы көңүлүн өзүнө бурган.
Бираз убакыт мурда Дональд Трамп Европага жети күндүк иш сапары менен барып, мамлекеттердин башчылары менен жоолуккан. Ал жубайы Меланияны дагы ала барган. Ар бир жоолугушууда ар башка көйнөктөрдү кийип, биринчи айым баарынын оозун ачырган.
Социалдык тармактарда анын кийинүү стили боюнча азыркы күнгө чейин кызуу талкуу жүрүүдө. Баарынан өзгөчө болуп Меланиянын НАТОнун саммитине кийген көйнөгү болгон. Ага ал 7 500 долларга бааланган Elie Saab брендинин тунук тартмадан тигилген назик ак түстөгү көйнөктү кийген. Көйнөк кымбат баалуу Louboutins брендинин карамель түсүндөгү бут кийими менен толукталган. Ал жоолугушуудагы Меланиянын образы башка айымдарды көңүлсүз калтырган.
Дагы бир кызыктуу нерсе, ар бир өлкөгө бара жатып, Мелания ошол өлкөнүн дизайнерлеринин кийимдерин кийет. Бул кадамы менен ал кабыл алуучу тарапка урматын билдирет.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ