Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты

Бөлүшүү:

Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) иш сапар менен барган Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов өз ара кызыгууну жараткан олуттуу суроолорун талкуулоо мүмкүндүгү бар жолугушууга кубангандыгын белгиледи.

«Биздин жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн динамикасы өз жыйынтыктарын берип жатат. Мамлекет башчыларыбыздын ортосундагы ишенимдүү мамилелер жана орногон достук алака коңшу өлкөлөрдүн ортосунда өз ара аракеттешүү тарыхынын жаңы барагын ачты. Бул оң учурлардын бардыгы боордош элдерибиздин ортосундагы достукту бекемдейт», – деди Абдулла Арипов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап Өзбекстан Республикасы менен мамиле түзүүгө жана кызматташууга өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

«2016-жылы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүү 50 млн АКШ долларын түздү. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча соода жүгүртүү, өзбек тараптын статистикасына ылайык, 446 млн АКШ долларын түзгөн. Бул акыркы 2,5 жылда товар жүгүртүү бир нече позициялар боюнча үч эсе, ал эми башка товардык номенклатуралар боюнча 10 эсе өскөнүн айтып турат. Эки мамлекеттин президенттеринин саясий эрки биздин экономикалык жана маданий байланыштарыбызды бекемдеп, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда интенсивдүү алакаларды өнүктүрөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык багыттары боюнча эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара маселелеринде кызматташуу жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары карай активдештирүүгө тийиштүү маселелер талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: