Menu

Теракт жасоого шектелген борборазиялыктар кылмыш жоопкерчилигинен качып жүрүшкөн

Бөлүшүү:

Теракт даярдоого шектелип Орусияда ФСБ кызматкерлери тарабынан кармалган Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан жарандары Сирияга баруу аракетин көздөшкөн. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы жазды.

Гезиттин булактарынын билдиришинче, алар диний фанаттар болгон эмес. Өз өлкөлөрүндө кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында гана “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуу аракетин көздөшкөн.

Өткөн ишмебиде ФСБ тарабынан Орусияда терроризмге жана экстремизмге шектелип 10 киши колго түшүрүлгөнү кабарланган. Кармалгандардын көбү Борбор Азиядан баргандар болгон. Алар “Ислам мамлекети” радикал тобунун мүчөлөрү экенин, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында теракт жасоого камынып жатышканын моюнга алышкан. Шектүүлөрдөн колдо жасалган жардыргыч заттар жана куралдар табылган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети орусиялык кесиптештери менен бирге ишке ашырылган бул кармоолор боюнча комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: