Menu

Табигый кырсыктардан 20​ 585 кожолук жана 18 995 га чарба аянттары корголгон

Бөлүшүү:
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров министрликтин ​ негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштери солгундалбашын тиешелүү башкармалыктын жетекчилерине тапшырма берген. Мерчемделген объектилердин арасынан кечиктирилгис жумуштар аткарылышы зарылчылыгы бар объектилерде жумуш жүрүүдө. Бул тууралуу кечээ, 8-октябрда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Эскерте кетсек, табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багыты — атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жумуштары.
Биринчи багыт боюнча 2020-жылга карата болжолдуу мерчем боюнча ​ 54 объектиде жумуш аткаруу каралып, 9 айына карата ​ 32 объект пайдаланууга берилген: 5 көпүрө,1 жөө адамдар өтүүчү көпүрө, 8 шпора, 4306 пм дамба, 131 метр темир бетон коргоочу тосмо (подпорная стенка) курулду жана жана селканаларды тазалоо боюнча 35600м3 ​ жер жумуштары аткарылган. Иш чаранын натыйжасынды 2966 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду, ал эми 9456 кожолук​ жана 3974 га айыл чарба аянттары, ​ 1 мектеп табигый кырсыктардан ​ корголду.
Ал эми “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу”​ багытында 2020-жылга карата 312 обьектиде иш аткаруу мерчемделип, ​ 9 ай ичинде 279 объектиде иш бүткөн жана 25 объектиде иш улантылууда. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында табигый кырсыктан​ 1129 кожолук, 15021 га чарба үлүш жерлери, 14 мектеп, 8 бала бакча, 6 ФАП, 21 ЛЭП, 7 мечит, 1 устакана,1 стадион, 8 көпүрө, 1 насостук станция, 2 трансформатор 7 т/үй дача,​ 1 суу түтүкчө корголуп, ​ 400 метр автоунаа жол,​ 1,4 км ички чарбалык жол кардан тазаланган.
Жалпысынан 366 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, анын ичинен 311 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 20​ 585 кожолук, 18 995 га чарба аянттары, 14 мектеп, 8 бала бакча, 6 ФАП, 21 ЛЭП, 7 мечит,1 устакана,1 стадион,8 көпүрө, 1 насостук станция, 1 суу түтүкчө табигый кырсыктан корголуп, 2966 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: