Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Өнүгүү жана кайра куруу европалык банкынын ортосундагы Орто Азияда экологиялык реабилитациялоо үчүн Эсептик операцияларды Кыргыз Республикасында жүргүзүү жөнүндөгү келишим боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун дароо эле үч окууда жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, Кыргызстандын аймагында 28 радиоактивдүү калдык сактоочу жай, 25 радиоактивдүү тоо тектеринин жыйындысы бар. Алардын жалпы көлөмү 12 млн куб метрди түзөт. Ошондон улам, атайын фонддо топтолгон 16 млн доллар ошол жайларды калыбына келтирүү багытында жумшалмакчы. Оӊдоло турган объектилердин тизмеси келишим ратификациялангандан кийин такталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ