Бүгүн, 13-январда Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен “Манас” эл коому, Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада поэзия кечесин өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Алардын айтымында, поэзия кеченин коноктору: Кыргыз эл акыны, “Адашкан Кентавр”, “Коргондогулар жана чексиздик”, “Аруу дүйнө”, “Илинген ирмемдер”, “Көкүл чоң кыялдар” аттуу китептердин автору Карбалас Бакиров жана Брюсселде өткөн Эл Аралык фестивалдын поэзия категориясы боюнча 1-орунду багынткан, “Лира” медалынын ээси, “Чаң баскан барак”, “Асманда бийлеген кыз”аттуу китептердин автору, лирик акын Сагын Беркиналиева. Эки акындын поэзия кечеси саат 13:00до башталат. Каалоочулар үчүн эшик ачык.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ