Тажик бийлиги эки ай мурун Ирактан келген жоочулардын балдарынын жашоо шарты менен таанышууда. Алардын айрым туугандары балдар менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын билдиришүүдө.
Ушул жумада Иракта ата-энеси өлгөн же түрмөдө отурган 84 баланын мындан аркы тагдыры аныкталат. Атайын комиссия туугандарына бериле тургандарды тактоодо. Калгандары балдар үйлөрүнө же мектеп-интернаттарына жөнөтүлөт.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Шодихон Жамшед Ирактан алынып келинген балдардын маселеси эки күндөн кийин чечилерин айтты.
«Балдарды алып кетүүнү каалаган жарандардын жашоо шартын иликтеп жатабыз. Айрым үй-бүлөлөр бешке чейинки баланы алып кетиши керек. Андыктан кайсы бир үй-бүлө беш баланы тарбиялай алабы, чечишибиз керек. Балдар өтө оор күндөрдү башынан кечиришти, андыктан алар жакшы шартта тарбия алууга тийиш», – деди Шодихон Жамшед.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары балдардын туугандарынын мүмкүнчүлүктөрү жок болсо, мамлекет бул милдетти өзүнө аларын кошумчалады.
Тажикстан бийлигинин маалыматы боюнча 2014-жылдан бери Сирия жана Иракка 1900 жаран чыгып кеткен, алардын арасында аялдар жана балдар болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ