Азыркы депутаттарды шайлоочулар билим деңгээли, мыйзам жазгандыгы боюнча эмес, элди таң калтырган сөздөрү аркылуу таанып калышты.
Өзгөчө “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын өкүлү Гүлшат Асылбаеванын комитет жыйынында Кыргызстанда 9 миң сомдон аз айлык алгандар бар экенине айран таң калганы талкуу гана жаратпастан, бул окуя бийлик менен карапайым калктын ортосундагы социалдык ажырымдын чоңоюп баратканын далилдеп койду. Сыягы, мугалим, врач, бала бакчалардын тарбиялануучулары 9 эмес, анын жарымына да жетпеген маяна алышпагандыгын билбейт турбайбы. Баса, ал Казакстанда төрөлүп, депутат болгончо 2006-2014-жылдары “Кыргыз коньягы” ишканасын башкарган экен. Демек, акчанын күчү менен гана мандатка ээ болгон жана карапайым калктын чыныгы абалы, канча маяна алып, кантип жашап жаткандыгынан ат чабым алыста. Буларга элдин көйгөйүн чечүү эмес, өздөрүнүн бизнесине “жашыл жарык” күйгүзүп, гүлдөтүү гана маанилүү болуп саналат. Мындан мурда КСДПнын депутаты Өкмөт депутаттарды Көчмөндөр оюнуна автобус менен алпаргандыгына, ушул эле фракциянын дагы бир депутаты Р.Момбеков “ЖКК инспекторлору бизди тааныбайт”,- деп карапайым калктын кыжырын келтирген болчу. Көрсө, булар элдин эсебинен жыргап жашоо үчүн эле депутат болушкан турбайбы.
Булак: “Майдан.kg” гезити
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ