Menu

Сооронбай менен Өмүрбектин дебаттагы айтышы

Бөлүшүү:

Шайлоо өнөктүгү башталган учурда президенттик такты ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кетпеген Өмүрбек Бабанов “Алдыга жол!” аттуу программасын кантип ишке ашыруу тууралуу аябай кыялданып жүргөн кербези экен. Ошентип үгүт иштери токтогон күнү үйүнө катуу чарчап келип таттуу уйкунун кучагына кирген кези дейт. Түшүндө буга чейин өңүндө болгон окуяга дагы бир жолу күбө болуп, шайлоодогу башкы атаандашы Сооронбай Шарипович менен КТРКда дебатка чыгып жаткан экен. Экөөнүн башында суусар тебетей, жонунда саймалуу чепкен, колунда болсо комуз экенин көрүп эмнегедир таң калат. Андан соң бир аз өзүнө келип дебаттын финалына катышып жатканын байкап залдагы көрүүчүлөрдү караса алды жакта Нуржан Шайлдабекова баштаган БШКнын курамы талапкерлерге упай берүү үчүн отурушкан экен. Ошондо Өмүкең залдагы жюриден тышкары элдин арасында колдоочулары бар экени эсине түшүп эргип кетип, комузда кол ойнотуп айтышты минтип баштаптыр.

Ө.Б.: Ассалоому алейкум,

Кадырлуу журтум аманбы?

Бул жердеги БШКнын курамы,

Жалпыңа айтам саламды.

Айтышам деп акыры,

Сокем келген турбайбы.

Жеңилип калсам айтышта,

Анда эле Кудай урбайбы!

Эмесе муну мындай таштайлы,

Кепти экономикадан баштайлы.

Сиз тууралуу кеп угам,

Гүлдөгөн коррупция менен

Күрөшпөйт деп угам.

Премьер болуп турганда,

Сиз мага бут тосконсуз.

Элге кредит бердиртпей,

Каршы болуп койгонсуз.

Ошондо эмоцияга алдырган Сооронбай Шарипович өзүн кармана албай кетип сөөмөйүн кезеп төгүп турган кези дейт.

С.Ж.: Өмүрбек Чиркешович угуп ал,

Өткөндү жакшы билип ал!

Мынчалык жалган айтпагын,

Өзүңдү балапан кезден билемин.

Өмүрү жеген эмесмин,

Өлкө үчүн жакшы тилегим.

Кулакка кесме илбегин,

Кыжырыма тийбегин!

Күрөшсөң таза күрөшкүн,

Далил менен сүйлөгүн.

Сага берчү суроом көп,

Жооп бере албай жүрбөгүн!

Ажолук такка отурсам,

Коррупцияны сенден баштаймын.

Суракка алып жүдөтүп,

Стресс кылып таштаймын.

Андан соң алгач атасынын атын туура эмес айтканына нааразы болгон Өмүрбек мырза айтышты минтип улантып турган чагы дейт.

Ө.Б.: Чиркешович эмесмин,

Токтогулович элебиз.

Чычалап кетип бул жерден,

Чык эшикке дебеңиз.

Сен дебей сиз деп жүрүңүз,

Талапкер экенимди билиңиз.

Токтоо адам деп жүрсөм,

Тез келет окшойт жиниңиз.

Ажо болуп шайлансам,

Алдыңкы жол менен кетемин.

Мүдүрүлбөй ал жолдо,

Ийгиликке сөзсүз жетемин!

Акыры айтыштын жыйынтыктоочу кезеги өзүнө келген кезде Сооронбай мырза ушинтип төгүп жиберген экен.

С.Ж.: Эл ишенимине ээ болуп,

Ажо болуш- аста-аста,

Тапкан, ташыганын чогултуп,

Талапкер болуш-бир паста.

Ушуну эстен чыгарба,

Ойлонгун бир иш кыларда.

Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок,

Өзүмдү мекенчил сеземин.

Кыргызстан үчүн буюрса,

Жемиштүү иштеп беремин.

Алдыдагы алты жылда,

Өз күчүмдү сынаймын.

Менин жолум башкача,

Кыргыз көчүн улаймын!!!

Ырдын акыркы сабын укканда эле дебатты көрүп отургандардын баары ордунан тура калып дүркүрөтө кол чапканын көргөн Өмүке түшүнөн катуу чоочуп ойгонгон экен. Катуу чоочуп…

Нурсултан ШАЙДИНОВ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: