Menu

Абакта жаткан Алмазбек Атамбаев шайлоо алдында кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Бөлүшүү:

Бир катар кылмыш иштерине айыпталып, УКМКда камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого байланыштуу кыргыз элине кайрылуу жасады.

Ал кыргыз элин эркин жана туура тандоо жасоого чакырды. Ал эгерде шайлоочулар добушун Ак үйдөн көзкарандысыз прогрессивдүү партияларга жана алардын талапкерлерине берсе, анда бир дагы президент жаңы парламент менен өкмөттүн Кыргызстанды туруктуу өнүгүү жолуна кайтаруусуна тоскоолдук кыла албай турганын белгиледи.

“Биздин Конституция ушундай. Тескерисинче, Жогорку Кеңеште күчтүү оппозиция болбосо, анда алсыз президент дагы тез арада авторитардык башкаруучуга айланышы мүмкүн” – дейт Атамбаев.

Ошондой эле, ал бүгүн жаңы жаш лидерлердин эркиндик, демократия жана акыйкаттык үчүн күрөшкө кошулуп жаткандыгына кубанычын билдирди. Атамбаев уулдары түзгөн партияны колдой тургандыгын кошумчалады. Бирок, ал башка оппозициялык саясий бирикмелерге да ийгилик каалайт.

“Ошол эле учурда, бул шайлоодо башка оппозициялык партияларды колдогон жарандардын позициясы мен үчүн жакын жана түшүнүктүү. Сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө коррупцияга каршы туруп, акыйкаттык жана демократия үчүн күрөшүп жаткан бардык партияларга ийгилик каалайм!” – деди мурдагы президент.

«Мен көптөгөн мекендештер нааразычылык катары “баарына каршы” добуш берүүнү каалашарын билем жана бул дагы жаңылыштык болот. Өкмөткө нааразы болгон добуштар “баарына каршы” чыкса, өкмөткө ыраазы болгондордун добуштары ошончолук салмактуу болуп калат. Көп “чимкириктер” депутаттык мандатка ээ болушат“, – деди экс-президент.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: