Menu

Жогорку Кенеште КМШ аймагына үчүнчү өлкөлөрдүн адамдарынын кыймылына тийиштүү маалыматтарды топтоо, сактоо, иштеп чыгуу демилгеси колго алынууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймагына кирүүчү үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок адамдарды бирдиктүү эсепке алуу тутуму тууралуу макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды, – Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөттүн маалыматына караганда, мыйзам долбоору мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган. Анын максаты адамдардын кыймылын көзөмөлдөө жаатындагы уюштуруу-башкаруу чечимдерин даярдоо жана кабыл алуу боюнча мамлекеттер аралык маалымат алмашуунун сапатын көтөрүү болуп саналат. Ал КМШ аймагына кирүүчү үчүнчү өлкөлөрдүн адамдарын кыймылына тийиштүү маалыматтарды топтоо, сактоо жана иштеп чыгууга багытталган.

Кыргызстанда БЭСти жайылтуу Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (ТМЭБС) долбоорунун негизинде ишке ашырылууда. ТМЭБС долбооруна Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы, Мамлекеттик миграция кызматы катышууда. Аталган долбоор эки этаптан турат: 1-этап – “Манас” эл аралык аэропортун, “Ак-Жол” унаа көзөмөл-өткөрүү жайын жана Ош аэропортун кошуу; 2-этап 13 көзөмөл-өткөрүү жайын кошууну камтыйт жана башка мамлекеттик органдардан тышкар Мамлекеттик каттоо кызматынын катышуусу болжолдонууда.

Ал Тышкы иштер министрлигинин атайын эсебинен каржыланууда. Акча каражаты Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылып, УКМКнын эсебине которулган. Каржы маселелерин чечүүнүн жыйынтыгында ТМЭБС программасын иштеп чыгуучу тарап менен контракт түзүлүп, долбоорду ишке ашырууга мүмкүн болду.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: