Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-октябрда Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Петер Шольцту анын дипломаттык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Бул туралуу Президенттин расмий сайтында айтылууда
Жолугушууда Мамлекет башчысы Кыргызстанда жигердүү жана жемиштүү ишмердиги үчүн Петер Шольцко ыраазылыгын айтып, кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгын жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууда анын жеке ролун баса белгиледи.
Алмазбек Атамбаевдин сөзү боюнча, соңку жылдары эки өлкө ортосунда чыныгы өнөктөштүк жана достук мамилелерди түзүүгө жетишилди, бардык деңгээлде алака-катыштар кеңейип, Кыргызстан Евробиримдик менен кызматташууда Германияны негизги өнөктөштөрүнүн бири катары карап жатат.
Өз кезегинде Элчи Петер Шольц Кыргызстан өз тарыхында маанилүү мезгилди – тарыхый белести ашып жатканын белгиледи. “Сиз кырдаалда кадыресе жөнгө салып, тынчтыкты орното алдыңыз. Сиз өлкөнүн жаңы Президентин демократиялык шайлоону уюштуруп, бийликти тынч жол менен өткөрүүнүн камсыз кыла алдыңыз жана региондо маанилүү ишке из салдыңыз”, – деди Германия Элчиси.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ