Menu

Атамбаевдин кеңешчиси Калык Султановдун “Авангард Стиль” фирмасы куруп жаткан имарат бүтпөй жатып кыйрап, 11 адам жабыркады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-октябрь күнү Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө “Авангард-Стиль” курулуш фирмасы куруп жаткан “Француз кварталы” деп аталган көп кабаттуу элиттүү үйлөрдүн биринин 2-кабатынын монолит конструкциясы кулап түшүп, 11 адам жабыркаган. Бул туралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ооруканага 2 адам оор абалда жеткирилип, 9 адамдын абалы туруктуу (медициналык кароодон өтүштү).

Мамлекеттик экотехинспекциянын архитектуралык көзөмөл боюнча башкы инспектору Шараф Ачылдиев кыйроо болгон жерге келип, текшерип чыккандан кийин: “Курулуш иштерин жүргүзүүнүн эрежелери одоно бузулгандыктан кыйроого учураган” деп баа берди.

“Авангард стиль” курулуш компаниясы Алмаз Атамбаевдин кеңешчиси, өлкөдөгү эң бай бизнесмендердин бири Калык Султановго таандык. Буга чейин Калык Султановдун “Авангард стиль” курулуш фирмасы Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда  курган көп кабаттуу элиттүү үйдүн конструкциясынан жарака кетип ызы-чуу чыккан. Калык Султановдун фирмасы курган үйлөр бүтпөй жатып урап жатса, кудай сакта, жер титиреп кетсе эмне болот?

Быйыл августта, президенттик шайлонун алдында Алмаз Атамбаев кеңешчиси Калык Султановду кеңешчилик милдеттерин аткаруудан бошотуп, КСДПнын Бишкектеги президенттик шайлоо штабын жетектөөгө жөнөткөн.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: