Бишкекте 4-ноябрда жөрмөлөп жүргөн кичинекей наристелер арасындагы I чемпионат өтөт. Уюштуруучулар билдиришкендей, иш-чарага 36 айдан аша элек наристелер катыша алат.
Сынактын шарты боюнча, балдар 10 метр аралыкты жөрмөлөп өтүүсү керек болот. Бул учурда ата-энелери балдарына тийбестен, тургузуп гана коё алышат. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө эстелик белектер жана сыйлыктар тапшырылат экен.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ