Menu

Атамбаевдин Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкеринин Күнүнө карата куттуктоосу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Алмазбек Усенов  Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Кыргыз Республикасынын Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунун текстин окуп берди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери!

Кымбаттуу ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкеринин Күнү менен куттуктайм!

Өлкөнүн бийик тоолуу шарттарында жана жетүүгө кыйын региондорунда автомобиль транспорту Кыргызстандагы транспорттун негизги түрү болуп эсептелет. 95% жүк ташуулар жана 97% жүргүнчү ташуулар автомобиль транспорту менен ишке ашырылат. Тармак туруктуу социал-экономикалык өнүгүүнүн олуттуу фактору болуп саналат.

Автомобилдик транспорттун эффективдүү иши биринчи кезекте автожолдордун абалына байланыштуу. Ошондуктан акыркы жылдары жолдорду куруу жана реконструкциялоо стратегиялык милдет, өлкөнүн экономикалык кайра жаралуусунун ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Биз бара-бара транзиттик өлкөгө айлануудабыз жана эксперттердин баасы боюнча, Борбор Азиянын чордонунда жайгашкан Кыргызстан жакынкы келечекте эл аралык транзиттик мамилелердин иштиктүү катышуучуларынын бирине айланат. Мисалы, Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолун куруу Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан багыты боюнча өтмө транзитти камсыз кылат. «Ысык-Көл транспорт алкагын» куруп бүтсөк, «Батыш Кытай – Батыш Европа» магистралына чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз. Ош-Сарыташ-Иркештам маанилүү транспорт коридорунун уландысы болуп эсептелген Бишкек-Ош, Ош-Баткен-Исфана-Кайрагач транспорт коридорлорун жакшыртуу уланууда.

Кымбаттуу достор!

Жолдорду куруу менен биз өзүбүздүн жаркын келечегибизди куруп жатабыз. Өнүккөн жол транспорт системасы болбосо, Кыргызстандын өнүгүшү кыйын болмок.

Негизги автомагистралдар курулуп бүткөнү, же курулуп жатканы менен автомобилчилер менен жолчулардын алдында залкар иштер күтүп турат. Жакынкы келечекте бүт Кыргызстан боюнча кандай гана болбосун унаа агымдарына туруштук бере алган жана сүйүктүү Мекенибиздин бардык булуң-бурчтарына кайнаган турмушту алып келген заңгыраган заманбап жолдор пайда болоруна ишенем.

Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, бак-таалай жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстаныбызга –  тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: