Экс-вице спикер, учурда коомдук иштер менен алектенип жүргөн Кубанычбек Исабеков деген саясатта такшалган билимдүү, өз орду бар байкебиз бар. Бакиев бийлиги кулагандан бери бир позицияда туруп келе жатат. Башкаларчылап шыйпаңдап СДПКнын эшигин сагалаган жок. Бийликке каршы чыгып ашынган оппозиция да болгон жок. Ортодо акыйкат сөзүн сүйлөп, ар бир маселеге калыс баасын берип турду. Мына ушундай адамдар саясатта сатпайт жана ишенимдүү. Карт бөрү саясатчылар болсо ушул Кубанычбек Исабековдой болушса. Бийликти сындачу жерден сындады, колдочу жерден колдоду. Ден соолук каалайбыз байкебизге.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ