Жети-Ɵгүз райондук администрациясынын жыйындар залында Баткен согушунда курман болгондор эскерилип, маркумдарга багышталып Куран окулду. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Баткен согушунда көз жумган жоокерлерди эскерүү иш чарасына райондун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов, айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар жана ардагерлер катышып, мамлекетибизде тынчтык, бакубат жашоо болушун тилеп, бата кылышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ