Буга чейин Чүй облусунун губернатору Бактыбек Кудайбергеновдун иши начар болуп, өкмөттүн жыйындарында сын угуп келген болчу. Кызматынан башта эле алынмак, бирок агалары ортого түшүп атып, сактап келишкен. Учурда Кудайбергеновдун башына чындап кара булут айланып турган кези. Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков Чүйдөн Өмүрбек Бабановго чоң айырма менен утулуп калганы кошул-ташыл болуп, жогору жактын кыжырын ого бетер кайнатып турган чагы. Бактыбек канчалык админресурсту пайдаланайын десе дагы, анын жетекчи катары авторитети жетпей койгону айтылууда. Натыйжада, эми да агалары кийлигишип, кызматынан сактап калбаса эле, бул эргул көпкө узачудай эмес.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ