Menu

Кубат Болотканов: “УКМКга чакырып, “Таласка барсаң камаласың дешти””

Бөлүшүү:

Кечээ жакында таластыктар митингге чыгып, президент Алмазбек Атамбаевдин “Абыке-Көбөштүн тукумдары” – деп айткан сөзүнө нааразы болушуп аксакалдар Бишкекте пресс-конференция өтүшүп, “Атамбаев таластыктардан кечирим сурасын” – деп талап коюшкан. Мына ошол иш-чаранын артында Бабанов турат деген версиялар айтылып, анын жардамчыларынын жана туугандарынын телефондук сүйлөшүүлөрү жаздырылып алынып, учурда коомчулукта кызуу талкууга алына баштады. Бирок Бабанов буга чейин Таластагы митингге тиешеси жок экенин билдирип келген. Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановдун маалымат саясатын тейлеген Кубат Болотканов деген таластык жигитке кыскача суроо узаттык. Анткени учурда бул жигитти митингди уюштуруучулардын бири деп айыптап жатышат.

-Кубат мырза, сизди “Таластан аксакалдарды алып келип, президенттен кечирим суратуу боюнча пресс-конференция өткөрүүнү уюштурган”- деп, ал тургай телефондогу сүйлөшүүлөрдү жаздырып алышыптыр. Буга эмне дейсиз?

-Президенттик шайлоодо Талас району республика боюнча биринчи орунду алып, Бабановго 90% добуш беришти. Ошол районго жооптуу мен элем. Шайлоо бүткөндөн кийин Өмүрбек Токтогулович Бабанов элге ыраазычылык чайын берип, ошондо аксакалдар президенттин таластыктарга карата айткан сөздөрүнө нааразы болуп, “борборго келип пресс-конференция берели, ошого жардам бер” дешкен. Мен макул деп, жардам бердим.

-Учурда Таластагы митинг боюнча айрым активисттерди УКМКга суракка чакыра баштады. Эгер сизди да чакырышса барганга даярсызбы?

-Мени уже суракка чакырышты кечээ күнү.

-Бардыңызбы?

-Ооба, Таласка барсаң камаласың дешти.

-Мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот анан?

-Аны убакыт көрсөтөт.

-Коопсуздугуңуз коркунучта болуп калыптыр. Чет жакка кетүүнү ойлонгон жоксузбу?

-Кудай сактасын, Кудай башка салганды көрөбүз. Теримди сыйрып алышса да, Кыргызстандан кетпейм!

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: