Ош шаарында2017-жылдын 2-ноябры күнү алдын ала алынган маалымат боюнча Памир көчөсүндө жайгашкан №65 турак үйдүн дубалы кулап, 3 адамды басып калган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Алдын ала алынган маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 1 адам жеңил жаракат алган. Учурда кырсыктын себеби жана каза болгондор менен жабыркагандын аты-жөндөрү такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ