«Менин ырдоо стилимди көпчүлүк түшүнө бербейт, ошондуктан жараткан чыгармаларым хит болбойт» деген сөзү бар джаз стилинде катыра ырдаган Арсен жакында бойдокчулук менен кош айтышат өңдөнөт. Ал инстаграмдагы жеке баракчасына сүйлөшкөн кызынын сүрөтүн илип, «жаным, баклажаным» деген комментарийин калтырган. Күйөрмандары учурда ырчы мырзаны Бегайдан кызганып бүтө албай жатышкан кербези. Биз да ырчыга үйлөнүүгө ак жол каалап, тойду эртелетүүсүн күтөбүз. Жашы деле келип калды дегендей…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ