Menu

Албек албайт, асфальт жебейт!..

Бөлүшүү:

Ушу жаздан баштап баш калаабыз Бишкекте кыймыл-аракет бөтөнчө көбөйду. Мен бул жерде унаа-транспорттордун кыймылын айткан жокмун. Жөө жалаңдаган адамдардын да кыймылын айткан жокмун. Бул жерде мен көчө таптаган техникалар менен көчолөрдү оңдоп-түзөгөн жумушчуларды айтып атам. Башында буларды анча этибар албай, баягы эле өзүбүздүн карачечекей жолчулар деп жүрсөк, көрсө алар кытайлык жумушчулар экен да. Качан карасаң, жумушчусу да, техникасы да дырылдап иштеп атышат. Бишкектеги көп көчөлөр мелтиреп, жаңы келген келиндей кулпунду. Үстүнө асфальт жамынып, кулагына «бардур» тагынды. Шамчырактар шурудай тизилди. Чындап сүйүндүк. Шаардын мэри Албек Ибраимов чоң акча таап, эмгекчил кытайларды сапаттуу жана арзан иштетип аткан турбайбы деп. Көрсө, андай деле эмес экен. Жолго деген миллион-миллион акчалар Кытайдын өзүнөн келиптир. Жакшы кошуна болуп калбадыкпы, калааңарды каалагандай оңдоп алгыла, мынакей акчасы деп беришиптир! Албетте насыяга. Өздөрү (кыргызстандыктар) иштесе, жеп ийишет деп кытайлык жолчуларын жиберишиптир. Анысына да ыракмат. Иши кылып, жолдорубуз, көчөлөрүбүз оңолсо эле болгону. Андан көрө, биздин «нойондор» ушул жерден да кынтык таба коюп, жылчык таба коюп, оюп ийишпесе болгону. Ал жагын эми Албек мырза өзү көз салып, өзү бажарат болуш керек. Кантип эле «кара май аралашкан» алфальтты башкаларга жедирип ийсин. Башкалардан көрө өзүнүн жегени оң да…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: