Menu

Сыноо…

Бөлүшүү:

Конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык жасоого жана улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталган “Республика-Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабановдун чет өлкөдөн качан кайтып келери белгисиз.

Анын жакын санаалаштарынын бири, парламент депутаты Мирлан Жээнчороев фракция башчысы кайсы бир чет өлкөдө дарыланып жатканын айтып, Кыргызстанга кайтып келерин билдирди.

Президенттик жарышта бийлик талапкери менен атаандашып, утулуп калган Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен эле. Буга чейин анын Орусияда экени айтылган.

Чет элде дарылануунун чоо-жайы

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин тарапкерлерине колдоо көргөзгөнү үчүн ыраазы экенин айтып, 23-октябрда Бишкек-Москва авиа каттамы боюнча өлкөдөн чыгып кеткен.

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын башчысынын орун басары Руслан Казакбаев фракция лидери шайлоодон кийин эс алып, дарылануу үчүн он күнгө Орусияга кеткенин билдирген.

Өткөн ишемби күнү Башкы прокуратура тарабынан Өмүрбек Бабановго каршы кылмыш иши ачылганы белгилүү болду.

Бул окуядан кийин Руслан Казакбаев Өмүрбек Бабанов эч жакка качып кетпей турганын айтып, анын атынан козголгон кылмыш ишинин негизсиздиги тууралуу кайрылуу жарыяланган.

“Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороевдун билдиришинче,Бабанов өлкөгө качан кайтып келери белгисиз.

– Өмүрбек Бабанов учурда чет өлкөдө дарыланып жатат. Кайсы өлкөдө дарыланып жатканын билбейт экем. Ал Кыргызстанга дарылоо курсу бүткөндөн кийин келет. “Келаткан аптада же кийинки аптада келет” деп так айта албайм. Шайлоодон кийин ал киши партиялык актив менен жолугуп, дарыланганы кетип жатканын гана айткан. Анын эмнеси ооруганын так айта албайм. Анткени адамдын оорусу жеке маалыматтарга кирет жана ал адамдын жеке уруксаты болбосо айтылбайт. Козголгон кылмыш иши боюнча ал киши өзүнүн позициясын кечээ күнү билдирди. Дарылануусу качан бүтсө, ошондо келет.

Иш козгоого негиз болгон жолугушуу

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду камсыздаган болчу.

Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү учурунда Өмүрбек Бабанов алгач Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууга барып, мындан улам өлкөнүн ички ишине кийлигишүү маселесине байланыштуу расмий Бишкек менен Астананын ортосундагы мамиле бузулган эле. Андан соң ал Ош шаарындагы өзбек тектүү шайлоочулар жашаган Он-Адыр аймагына барган учурда сүйлөгөн сөздөрү интернетке тарап, айрым жарандар аны кайраштырган чагымчылдык катары кабыл алып, Бабановду жоопко тартуу талап кылышкан.

Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бабановдун мына ошол үгүт маалында сүйлөгөн сөзүн лингвистикалык экспертизадан өткөрүп, анда конституциялык түзүлүштү алмаштырууга жана улуттар аралык кастыкты козутууга чакырыктар бар деп тапкан. Атайын кызмат иликтеп чыгып, кылмыш ишин козгоо үчүн иштин материалдарын Башкы прокуратурага өткөрүп берген эле.

Башкы прокуратуранын өкүлү Алманбет Абдрамановпрезиденттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоо маалында улуттук сезимге ойноо менен добуш алууга аракет жасаганы текшерүүдө аныкталганын билдирди:

– Тергөөгө чейинки текшерүүлөрдө аныкталгандай, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоо маалында, 2017-жылдын 27-сентябрь күнү Ош шаарындагы кичи райондо шайлоочулар менен жолугушуу өткөргөн. Ага катышкан адамдардын басымдуу бөлүгүн өзбек тектүү жарандар түзгөн. Бабанов чогулган элдин астында сүйлөп жатып, алардын добушун алуу максатында өлкөдө улуттук теңсиздик болуп жатканын, өзбек тектүү жарандардын укугу басмырланганын жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан өзбек улутундагыларга карата кысым жүрүп жатканы тууралуу оюн айткан.

Ошол эле кезде айрым бир коомчулук өкүлдөрү Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишин ойдон токулган саясий мүнөздөгү иш катары баалашууда. Кээ бир саясат талдоочулар муну шайлоодо бийлик тарапкерине каршы атаандашып чыгып, кээ бир учурларда оппозициялык маанайда бийликти сындап сүйлөгөнү үчүн берилген жаза катары карашса, айрымдары аны шайлоодон кийин “саясий талааны” биротоло тазалоо катары баалап чыгышты.

“Сынала турган учур”

Бирок ошол эле кезде эми анын өлкөгө кайтып келер-келбеси белгисиз бойдон турат. Эгерде ал кайтып келсе, ал токтоосуз түрдө камакка алына турганы дагы айтыла баштады.

Прогресс” коомдук корунун жетекчиси Адил Турдукулов Өмүрбек Бабанов саясатчы катары сынала турган учур эми келгенин айтып, эгерде ал жоопкерчиликтен качып, өлкөгө келбей койсо, анда анын саясатчы кадыры өчүп, анын партиясы алсырайт деп мүнөздөмө берди:

– Бабанов өзүнүн саясий келечегин ойлосо, мындан ары дагы саясатта калам десе, саясий күрөштү улантам десе, анда кандай гана тоскоолдуктар болбосун Кыргызстанга кайтып келүүгө тийиш. Эгерде ал кылмыш иши козголгонуна байланыштуу бийлик аны камап коет деп чочулап келбей койсо, анда ал саясий күрөшкө даяр эмес экенин көрсөтөт. Ошондой эле ал Кыргызстанга кайтып келбесе, анын “Республика” партиясында ажырым пайда болот. Парламенттеги фракциясы алсырайт, бөлүнүп-жарылат. Анан дагы чукул арада парламенттик шайлоо болуп калышы ыктымал. Мына ошого байланыштуу дагы аны келбесин деген негизде кылмыш иши козголуп жатышы мүмкүн.

Буга чейин Өмүрбек Бабанов анын шайлоо үгүтүнүн маалында Оштун Он-Адыр аймагында сүйлөгөн сөзү видео тасмада монтаждалып, бурмаланып, интернетке таратылганы боюнча билдирген эле. Ошондой эле ал жакында чет өлкөдөн туруп жөнөткөн кайрылуусунда мына ошол видео тасмага түшкөн сөзү боюнча козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары кабыл алып, айыптоону ойдон чыгарылган, саясий мүнөздөгү кылмыш иши деп белгилеген болчу.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: