Menu

Курбусу аракка мас болуп 4-кабаттан жанындагы кызды түртүп ийди…

Бөлүшүү:

2017-жылдын 2-ноябрь күнү болжол менен таңкы саат 04:30 чамасында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына кичирайондордун биринде жайгашкан үйлөрдүн жанынан 18-20 жаштагы кыз эс-учун жоготуп жерде жатканын кабарлашкан. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, жабырлануучуну оор абалда ооруканага алып кетишкен.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2017-жылдын 2-ноябрь күнү 6-кичирайондо жайгашкан батирлердин биринде болжол менен саат 03:30 чамасында жаш адамдар спирт ичимдигин ичишкени жана ортолорунда чыр чыгып, жабырлануучуну 4-кабатта жайгашкан батирдин терезесинен түртүп салганы маалым болгон.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр жабырлануучунун денесине жаракат келтиришкени аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишине шектүү катары борбор шаарыбыздын 1997-жылы туулган М.Д. жана 1998-жылы туулган С.Т. аттуу жашоочулары кармалып, сот тарабынан Бишкек шаарынын №2 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечими чыккан.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: