Милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, ушул жылдын 11-сентябрь күнү белгисиз адам жабырлануучунун “Lexus 570” үлгүсүндөгү автоунаасынын ичинен “Верту” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана өздүк буюмдары менен акча каражаты салынган сумкасын уурдап кеткендигин билдирген. Жалпы чыгымдын суммасы 1 000 000 сомду түзгөн. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам-издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжасында мурда соттолгон 29 жаштагы С.Н. аттуу жаран кармалган.
Тергөө учурунда С.Н. аттуу шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын катоосунда тургандыгы аныкталган.
Бул факты боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылымш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ