16-ноябрь күнү кечинде мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдык торколуу тою өтүп, ага аз сандагы чиновниктер жана депутаттар чакырылганын жазган элек. Негизинен тойдо президенттин элчи агасы Жусупбек Шарипов менен экс-спикер иниси Асылбек Жээнбеков баштаган туугандары гана болгон.
Тойго вице-премьерлерди гана ээрчитип келаткан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн кол алдындагыларга “белек берүүгө тыюу салынды, эч кандай белек берүү болбосун, бул тойдун ээсинин суранычы” деп алдын-ала эскерткен.
Ошондой эле спикер Дастан Жумабеков да өзү менен кошо чакырылган 6-7 депутатты “белексиз барабыз” деп тыйып койгон.
“Президент жөн койсо тойго баргандардын ар бири эле 100 миңден бергенге даяр эле, 10 чиновник менен депутат биригип, жок эле дегенде 1 млн жыйып беришмек. 2016-жылы Атамбаев 60 жылдыгын белгилеп, олигарх депутат менен министрлердин баарын чакырып, бир нече дипломат белек жыйып алган”, – деп шыпшынышат тойго баргандар.
Тойдо чыгып сүйлөгөн президент Жээнбеков келген меймандарынан аны мактабоону да суранган. Арак-шарап жок болгондуктан эч кандай тосттор да көтөрүлгөн эмес.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ