Menu

Атамбаев Судьяларды тандап алуу кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-ноябрда Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандап алуу кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевди кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  Кеңештин 2011-2017-жылдардагы иштеринин жыйынтыктары, ошондой эле Кеңештин ишмердигин жакшыртууга багытталган чаралар туурасында маалымат берди.

Шамарал Майчиев  судьяларды тандап алуунун жыйынтыгы менен Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, аларга теңештирилген облустук соттордун,  өлкөбүздүн бардык облустарындагы жергиликтүү соттордун курамдары калыптандырылып жана иштеп жатышкандыгын маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев  акыркы жылдары  сот системасын реформалоодо   сезилерлик натыйжалар жетишилгендигин баса белгиледи.  Зарыл болгон укуктук негиздер түзүлүп, сот корпусун жаңылоо процесси аягына чыкты, материалдык-техникалык база жакшырып жатат.

“Жарандардын сот системасына ишеними – укуктук мамлекеттин негизи. Болжолдонгон максаттарды ырааттуулук менен ишке ашыруу эл арасындагы сотторго карата терс мамилени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет.  Судьяларды тандап алууда  чынчылдык, адилеттүүлүк принциптерине берилгендик жана укуктун артыкчылыгы негизги критерийлерден болууга тийиш”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: