Президенттик шайлоодо жергиликтүү чиновниктер менен КСДПнын депутаттары Сооронбай Жээнбеков үчүн болушунча жанталашып, мойнундагы милдет алган добуштарын алып бергенге үлгүрүштү. Эл менен анчейин карым-катыш кыла албаган айрым эл өкүлдөрү, албетте, тыңгылыктуу добуш алып бергенге жарашкан жок. Мындай катмардагылардан буга чейин Элвира Сурабалдиеваны мисалга тартсак, эми дагы бир КСДПчы Кожобек Рыспаев жөнүндөгү маалыматтардын калкып чыгып жатканын кандайча түшүнөбүз? Кожоке аламан жарыш маалында кичи мекенинен жеңишти кесиптеши Тынчтыкбек Конушбаевге , тарттырып ийгенин партиялаштары жайып жүргөнүнөн кабардарбы? Өңгөлөр эмес, өзүнүн тайпалаштарынан желдей жорткон кептердин чыгып жатканына караганда, бу эргулга карата жаңы бийликтин мамилеси анчейин болбой калабы?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ