Камактагы Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы Жогорку сотто карала элек. Ал УКМК-нын СИЗОсунда мурдагы кайратынан жазбай, адилеттүүлүктү күтүү менен эрктүүлүгүн көрсөтүп отурат. Ушул күндөрү Токмок шаарында мэр болуп турган кезиндеги ишмердигине байланыштуу соттук отурумдар жүрүүдө. Эске салсак, буга чейин бир дагы айыпты Канат мырза мойнуна албай, саясый куугунтук катары баалап келген. Азыр да ошол позициясында бекем турууда. Баса, айрым маалыматтар боюнча, Исаевдин жаңы жылга чейин үй камагына чыга турганы каңкууланууда. Болсун! «Ак ийилет, бирок сынбайт» дейт. Эң башкысы, бекем болуш керек! Бул күндөр да өтөт…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ