Menu

Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарында ИКАО Баш катчысы Фан Лю менен жарандык авиацияны реформалоо маселесин талкуулды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 24-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) Баш катчысы Фан Лю менен жолугушту.

Премьер-министр өлкө Өкмөтү тарабынан бардык тармактарда, анан катарында жарандык авиация жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

«Жарандык авиацияда жүргүзүлүп жаткан реформалар өлкөдө экономиканын, бизнестин, туризмдин, логистиканын, анын ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун өнүгүүсүнө түрткү берет. Биз эл аралык авиакомпаниялар үчүн рынокту ачууга мүмкүндүк берген «асманыбызды ачууга» багытталган реформаларга умтулуудабыз. Биз мунун татаалдыгын түшүнөбүз, бирок биз чечкиндүү туруудабыз», – деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы өзгөчө басым учуулар коопсуздугун жана авиациялык тармакты координациялоонун ырааттуу тутумун киргизүүнү, авиаоператорлордун ишин жакшыртууну, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык мыйзам базасын камсыздоого жасалаарын белгиледи.

Өз кезегинде Фан Лю жарандык авиацияны реформалоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

«ИКАО өз кезегинде долбоорлорду баштан аяк ишке ашырууга катышууга даяр. Мындан тышкары, биз эксперттик колдоо көрсөтүүгө, тактап айтканда, сиздердин авиациялык рынокту ачуу боюнча биргелешкен ишти баштоо жана аны кенен иликтөө үчүн аймактык делегация жиберүүгө даярбыз. Ошондой эле жергиликтүү кызматкерлерин адистигин жогорулатууда иш алып барууга даярбыз», – деди ИКАО Баш катчысы.

Жыйынтыгында Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөт натыйжалуу имплементация жана учуулар коопсуздугуна көзөмөл тутумун колдоого алуу үчүн, ошондой эле жарандык авиация тармагындагы натыйжалуу башкаруу тутумун түзүүдө системдик мамилени иштеп чыгууга багыт алынгандыгына ишендирип кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: