Menu

Быйыл февралда киргизилген Казакстанга Кыргызстандан картошка, алма жана курманы ташууга убактылуу чектөө киргизүүнү алып салуу каралган Протоколго кол коюлду

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-февралда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары менен ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле конструктивдүү диалогду тереңдетүү боюнча милдеттерди аныкташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, казак тарап фитосанитардык кызматынан алынган нотификациялар боюнча маалыматын караган соң,  үстүбүздөгү жылдын 19-февралында киргизилген Казакстан Республикасына картошка, алма жана курманы ташууга убактылуу чектөө киргизүүнү алып салуу каралган Протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе талкууланган. Тараптар Кыргыз Республикасына казакстандык комиссияны жөнөтүүгө макулдашышты, алардын сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ветеринардык көзөмөлүнүн эквиваленттүүлүгүн таануу жана кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе ЕАЭБ Кеңешинин 2019-жылдын 29-мартына белгиленген кезектеги жыйынына чыгарылат.

Ошондой эле тараптар айланма Чүй-2 каналынын курулушу, ошондой эле Чу дарыясынын бассейниндеги сууну эсептөөнү автоматташтыруу боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Сапардын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясын кабыл алды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: