Menu

Оң болбой калды милийса

Бөлүшүү:

Күндө ар ким жүздөгөн жолу «аттиң» деп айтчу кепти айтканы турам. Бул кеп айла жоктон айтылат, жакшылык болор бекен деп айтылат, коркунуч менен айтылат, жакшы тилек менен айтылат. Ал кеп – милийса жөнүндө болмокчу.

Чын-чынында милийса болбосо, биз бири-бирибизди туздабай эле жеп коймокпуз. Бөтөнчө бүгүнкүдөй кымгуут, жакшы көрүнүштөрдү жамандары тегиз басып бараткан, таза мораль таман алдында калган заманда милийсасыз көргөн күнүң курусун!

Аа де, ошентип милийсага жалынып жатып калсак сонун болбойт беле?! Сонуну менен сомурайып калсын, милийсаң элди бири-биринен коргогону менен өздөрү мыйзамсыз, ээнбаш турмушта жашап жатышпайбы. Алар элди эл дебей калды, алсыз адамдарды ого бетер алсыз кылып, тебелеп-тепсеп жатканы. Ооба, милийсанын арасында да адамдыгы менен жигиттиги жанында болгон мыктылары бар, бирок, алар аябагандай эле аз, күндөн күнгө азаюу жолунда шуулдайт!

Өткөн кылымдын 18-жылында түзүлгөн милийса ошол күндөн эле ары коркунучтуу, ары опурталдуу кызматын аткарып келет. Революциянын душмандары менен аёосуз согушту, граждандык согушта актар менен, бандиттер менен кармашты, Ата Мекендик согушта эрдиктерди көрсөттү, андан кийинки жылдары социализм түзүлүшүн сактоого жан бере күрөштү. Кай убак болбосун элинин тынчтыгын сактап келет, ал үчүн жанын аябайт! Ооба, бул абал мурун болчу, азыр эл үчүн жанын берчү милийса, жүздөн биринен чыкса чыгат, болбосо а дагы жок! Бул айла кеткендеги бүтүм, аны жашырып эмнеге жетет элек?!

Азыр милийсанын көпчүлүгү жалаң гана жекече жакшы турмуш издеп калган кези. Алардын биринчи милдети элди коргоо эмес, элден бирдеме өндүрүп финансылык абалын оңдоо, аялы да «аны тап, муну тап» деп жанын койбой турган абалда. Милийса деген көчөгө элди коргобой эле, аларды тоногону чыгып калды. Муну кантип жашырасың?! Бүгүнкү күнү жаланып-жуктанган эле милийса. Айланайын, шуулдап, шыпылдап, жойпуланып, билмексен болуп, билип туруп, көргүсү келбей, көрүп туруп, байкамаксан болуп, топук кылымыш этип, ыймандуу болумуш этип, өлүмүш болуп, кычаштык кылып, «мээримдүү» болуп, каарын төгүп, «боорукер» болуп… деги, миң түркүн жүзү ме-нен акыры пайда табат. Жерден чукумак беле, бирөөнү какшатып туруп алат! Майда милийсалар командирине берет, алар наркы чоңуна берет… кетти ошентип. Бирине-бири берген заман, бирине-бири «каралашкан» заман…

Азыр милийсанын эки окуу жайы бар. Бири – Алиев атындагы Академия, экинчиси – Шабиров атындагы орто окуу жайы. Академияга жалаң милийса чоңдорунун же аскер эмес чоңдордун балдары, туугандары, таяке-жээни ж.б. окуйт. Мыйзам чегинде окутчу программасы бар. Жогорку билими бар милийса даярдашат. Тилекке каршы, бул окуу жайды бүткөн жаштардын көбү эптеп эле жылдыз алып, форма кийип былык иштерди жасоого киришет. Илгеркидей кан-жаны менен милийса ишине берилип, ал иште накта милийса кебетеленген жигиттер аз, көбү жакшы жашоо үчүн, бай жашоо үчүн, көпкөн турмуш өткөрүү үчүн ошол окууга өткөн немелер. Муну да тана албаспыз!

Шабиров атындагы мектепти бүткөндөр катардагы милийсалар болуп эсептелет. Алардын «академиялыктардан» айырмасы – жылдызы жок, офицер эмес, катардагы милийсадан старшинага чейин, бирок, ниеттери коёндой окшош форманн күчү менен, жардамы менен жетиштүү оокат кылуу, бай жашоо.

Азыркы ИИМ министри Кашкар Жунушалиев мындан мурунда министр болгон. Анда деле ишти дурус жөндөй албай иштен кеткен. Анан аны министр кылып кайра койду, кайсы артыкчылыгы үчүн койгону билинбейт. Ооба, министр катары иштеп жатат, бирок, ишинин жакшы баага татыган жыйынтыгы көрүнбөйт. Бул жерде Кашкар Жунушалиевди күнөөлөш бир жактуу болор, азыр анын ордуна кимиси келсе да ишти оңой албас. Анткени, бүт өлкөнү баскан коррупция милийсаны өзгөчө катуу баскан, ишти оңолгустай кылып баскан!

Милийсалык ишке өткөндө ар бир милийса ант берет, Мекенге, керек болсо, өмүрүмдү берем, ак иштейм деген сыяктуу. Ант деген ыйыктын ыйыгы го! Анан эмне ошол антын сактап иштебейт. Анткени, антты кабыл алуу жөн гана жосун. Ошол ант ар бир милийсанын дилине ыйыктыгы менен сиңген эмес, ошонун аябагандай жооптуу, оор жүгүн жон териси менен сезген жок, жөн гана шатыратып окуп салды, шар окудум деп сүйүнүп калды… Ант бергендеги жан чыдагыс күчтүү сезим деген анда болгон жок… Анты берген жеринде калды! Анан кетти, мыйзамдарды бузган үстүндө болот, форманы кийип алган соң, көзүнө эч нерсе көрүнбөй, өңгөнү бучкагына теңебейт. Ошондой милийсадан качып кутула албайсың, берип кутуласың, намысыңды тепсетип туруп кутуласың! Ошондой милийсаларда адамкерчилиги жок, ыймандан куру, китеп, гезит окубайт, «менин азыркы баскан жолум туурабы?» деген оюна келмек кайда?!

Азыр бай жашаган адамдардын катарына милийсанын бир катарын кошуу керек. Ар кандай кызматтагы, болбосо, отставкадагы генералдар, полковниктер, андан кичине даражадагылардын кээ бири заңгыраган үйлөрдө жашайт, кымбат машина минет, бала-чакасында баары бар… Айлыктары анча эмес болсо, тигинче байлыкты кайдан, алышкан? Ии, бирөөнү заркакшатып, экинчисин коркутуп, үчүнчүсүн алдап, төртүнчүсүнө убада берип, бешинчисинин чөнтөгүнө баңгизат салып, алтынчысына жок жерден кылмыш ишин ачып… табылган арам акчага алынган.

Милийсанын дага бир тобу бар, алар төмөнкү бөлүгү. Аларда үй да, байлык да жок, эптеп-септеп күн көрөт, үмүт менен жашайт. Ошолордун көбү ак дил болот. Бирок, ал ак дили эч нерсеге жарабайт…

Бүгүнкү күнү милийса короосу тынч эмес. Мобу эле бир жыл, жарым жылдын ичинде мас болуп боюнда бар аялды тебелетип өлтүргөн, жаш баланы тебелетип өлтүргөн, катын зордуктаган, пара алганы толтура, бирөөнүн чөнтөгүнө баңгизат салып акчага жыккан, мушташкан, жеп-ичкен ж.б. жосундарды жасаган милийса толуп кетти. Дагы билинбей былгып жатканы канча?! Жок, тез арада милийса тарапты колго атып, болуп көрбөгөндөй реформа өткөзүп түп тапмырынан бери өзгөртмөйүн бул тармакты биротоло колдон чыгарып алабыз!

…Сен милийсасыңбы, кенедей эле кылмыш кылсаң иштен айдал! «Жумшак», «катуу» деген былжырак сөгүштүн кереги жок! Ал тарап ошондо азга оңолор беле?!

Баратбай Аракеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: