Бир сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталды, анын ичинен 5 өрт кырсыгы автоунааларда чыккан өрттөр. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кескен-Бел менен Тогуз Булак айылдардын ортосу (6 чакырым) эки автоунаа кагылышып, натыйжасында өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен “Ауди” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S 14-86 Q автоунаа толугу менен күйгөн.
Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын Темиржол көчөсүндө “Ауди С4” үлгүсүндөгү мамлекеттик №S36-39AN унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдууларынын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.
Ошондой эле, Турсунбаев көчөсүндө электр жабдууларынын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунун кесепетинен “Ауди-80” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S17-68F автоунаанын кыймылдаткыч отсеги күйгөн.
Мындан сырткары Ак Тилек кичи районундагы Ош-Ноокат айланма жолунда жолдун боюнда “Фура” мамлекеттик № 02-103ААС жүк ташуучу унаанын арткы 3 дөңгөлөгү күйгөн. Өрттун келип чыгуу себеби: такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ